Бишкек, 18.28.26. /Кабар/. Кыргызстанга келген коноктордун жана жергиликтүү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган маалыматтык кампания өтүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда туристтер көп жүргөн жерлерге керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө маалымат камтылган QR-коддуу көрнөк-жарнактар жайгаштырылды. Аны телефондон ачып окуп же керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу видеону көрө алат. Маалымат кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилген.
“Ар бир адам кызматка электрондук түрдө кайрылуу жөнөтө алат. Ошондой эле керектөөчү катары укуктары бузулган учурда мамлекеттик органдарга кайрылууга толук укуктуу”, - деп белгилешти аталган кызматтан.
Керектөөчүлөр кандай учурларда кайрылса болот:
- сапатсыз товар сатылганда;
- товар же кызмат үчүн төлөнгөн акчаны кайтаруудан баш тартылганда;
- баада алдамчылык болгондо же жашыруун төлөмдөр алынганда;
- товар же кызмат жөнүндө маалымат берилбегенде;
- брондоо, жеткирүү, жашап туруу же экскурсиялык кызматтардын шарттары бузулганда;
- кошумча кызматтар таңууланганда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ар бир кайрылууну карап, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүлөрүн белгилейт.
“Кайрылуу натыйжалуу каралышы үчүн чекти же квитанцияны, келишимди же брондоону тастыктаган документти, фото-видео материалдарды, ошондой эле кат алышууларды жана башка далилдерди сактап коюу сунушталат. Кайрылууда аты-жөнүңүздү, байланыш номериңизди, окуя болгон жерди жана күндү, кырдаалдын кыскача баяндамасын жана колдо бар далилдерди көрсөтүү зарыл”, - деп айтылат маалыматта.