Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Ала-Бука районунун Кара-Үңкүр айылында 150 орундуу мектеп ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мектеп райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен курулуп, ички эмеректери жана жасалгалоо иштери жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.
Ошондой эле мектептин ашканасы БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан керектүү жабдуулар менен камсыздалган.