Кербенден Бишкекке аба каттамдардын саны көбөйдү

Коом 3 июнь 2025 14:50
Кербенден Бишкекке аба каттамдардын саны көбөйдү
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалымат кызматы

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. «Asman Airlines» авиакомпаниясы Кербенден Бишкекке аба каттамдардын санын көбөйттү. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, каттамдар эми жумасына эки жолу – шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.

Билеттин баасы 3600 сомдон башталат.

Билеттер asmanairlines.kg тиркемесинде жеткиликтүү.