Кербен шаарында жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак 17 ноябрь 2025 14:55
585347928_1346657020266677_717110701381446164_n.jpg
581871510_1346657050266674_3329896449094601571_n.jpg
583109909_1346657056933340_7440409238675300802_n.jpg
583735983_1346657026933343_615640194656100389_n.jpg
584083436_1346657086933337_8489042306673375035_n.jpg
584518847_1346657080266671_3238939024382529545_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Аксы районуна караштуу Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин наркы 188 млн сомго бааланды.

Башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө салынып, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат. Мындан тышкары, лаборатория, китепкана, дарыгердин кабинети жана балдар, кыздар үчүн эмгек класстары каралат.

Учурда объекттин пайдубалын түптөө иштери жүрүп жатат.