Кербен шаарында 100 орундуу оорукана курулат

Аймак
Кербен шаарында 100 орундуу оорукана курулат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Кербен шаарында келерки жылы 100 орундуу жаңы Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы аймактардагы социалдык инфраструктураны, анын ичинде саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Аталган жаңы оорукананын курулушу жергиликтүү калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатып, заманбап шарттарды түзүүгө өбөлгө түзмөкчү.