Жеке керектөөгө, ипотекага жана бизнеске насыянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси кандай? Ипотекага батир же жеке турак жай алууда баштапкы төлөмү жок болсо же жетпесе эмне кылуу керек? Банктардан бизнеске насыя алуу үчүн күрөөнүн наркы жетпесе анын чечүүнүн кандай жол-жоболору бар? Мына ушул жана башка суроолордун алкагында бүгүн “Кабар” маалымат агенттиги “Кепилдик фонду” АКК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров менен маек курду.
— Алгач, Кепилдик фондунун негизги миссиясы жана максаты тууралуу айтып берсеңиз.
— "Кепилдик фонду" ачык акционердик коому 2016-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты — ишкерлерге күрөө маселесинде колдоо көрсөтүп, керектүү суммадагы насыя алууга жардам берүү. Биз тогуз жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келебиз. Бул аралыкта жалпы 12,5 миң ишкерге кепилдик берилди. Жалпы берилген кепилдиктердин көлөмү 12,5 млрд сомду түздү. Ал эми биздин өнөктөш банктар ишкерлерге жалпысынан 41 млрд сомдон ашык суммада насыя беришти. Азыркы учурда биз кепилдик суммасын дагы да көбөйтүүнү пландап жатабыз.
— Банктар жана кардарлар менен кызматташуу шарттарыңар кандай? Дегеле кайсы банктар менен иштешесиздер?
— Учурда республика боюнча 22 коммерциялык банк иш алып барат. Анын ичинен биз 18 банк менен расмий келишим түзүп, тыгыз кызматташуудабыз. Мындан тышкары, төрт өнүктүрүү фонду жана төрт микрокредиттик уюм менен да иштешип жатабыз. Жалпысынан алганда, биз кызматташкан бул 18 банк жалпы көрсөткүчтөрдүн 99 пайызын түзөт. Кызматташуу келишимдерибиз өз ара макулдашылган шарттарга негизделет. Ишкер алгач насыя алуу үчүн банкка кайрылат. Эгерде банк тарабынан насыя берүү тууралуу оң чечим чыкса, бирок ишкердин күрөөсү жетишсиз болсо, анда банк ишкер менен макулдашып, бардык тиешелүү документтерди электрондук форматта бизге жиберет. Ишкер өзү бизге келбей эле койсо болот. Бардык иш онлайн негизде жүрөт. Келген материалдарды анализдеп, эгер кошумча суроолор жаралса, тиешелүү банктан же ишкерден тактап алабыз. Эгерде баары так болсо, чечим тез арада кабыл алынып, кепилдик берүү ишке ашат. Бизде мындан тышкары да “Ылдам” негизинде кепилдик берүү да бар. Бул кепилдик билдирме түшөрү менен дароо берилет. Кепилдиктин суммасы 7 млн сомго чейин.
— Коммерциялык банктарда мамлекеттик ипотека аркылуу жарандар батир же үй алуу үчүн күрөөсү жетишпесе, сиздерден кепилдикти кантип ала алышат?
— Өлкө башчыбыз бардык жарандардын өз турак жайына ээ болушу үчүн чоң аракет көрүп жатат. Жакында эле президент мамлекеттик ипотекалык компания беш жыл ичинде элди турак жай менен камсыздашы керектигин белгиледи. Биз да бул демилгеге ылайык иш алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө ар бир коммерциялык банк мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу иш жүргүзүүдө. Коммерциялык банктар 30% баштапкы төлөм талап кылат. Бирок, мындай сумма ар бир жаранда боло бербейт. Мына ушундай учурда биз жардамга келебиз. Эгерде ипотекалык насыянын суммасы 10 миллион сомго чейин болсо, биз анын 30 пайызына чейин кепилдик бере алабыз. Башкача айтканда, 10 млн сомдук насыяга 3 млн сомго чейин кепилдик камсыздап бере алабыз. Жарандар насыя алуу процессинде банк аркылуу бизге кайрылышат. Кепилдик берүү электрондук форматта, тез жана ыңгайлуу жол менен ишке ашат. Эгерде суроо-талап жогоруласа, жарандарга көбүрөөк сумма керек болуп калган болсо, анда биз сумманы дагы да көбөйтүүгө даярбыз.
— Ишкердик үчүн насыя алууга финансылык кепилдиктер кандай? Анын шарттары тууралуу кененирээк айтып өтсөңүз?
— Бүгүнкү күндө, баарыңыздарга маалым болгондой, мамлекет башчыбыз ар дайым “инвестиция тартып келгиле” деп белгилеп келет. Ушул багытта биз да активдүү иштеп жатабыз. 3 жыл мурун Дүйнөлүк банк аркылуу портфелдик кепилдиктин негизинде 32 миллион доллар алганбыз. Бул долбоорду биз 2 жыл мурун ийгиликтүү жыйынтыктадык. Дүйнөлүк банк бул программаны эң мыкты долбоор катары баалап, анын негизинде быйыл бизге дагы 59 миллион доллар бөлүп берди. Бул каражаттарды биз “жашыл кепилдик” жана “жашыл насыя” программаларына жумшайбыз. Мындан тышкары, бизде артыкчылыктуу 5 тармак бар:
- Өндүрүш
- Айыл чарба жана кайра иштетүү
- Туризм
- Ипотека
- Азык-түлүк коопсуздугу.
Биз ишкерлерди колдоодо негизги басымды аймактарга жасайбыз. Бүгүнкү күндө берилген кепилдиктердин 86 пайызы аймактарга багытталган. Анын ичинен 66 пайызы жогоруда аталган приоритеттүү тармактарга жумшалган. Бизде эч кандай чектөө жок бардык тармактагы ишкерлер бизге кайрылып, колдоо ала алышат. Мүмкүнчүлүктөр ачык.
— Соңку жыйынтыктар боюнча кепилдиктер көбүнчө айыл чарбаны кайра иштетүү жана соода тармагына берилиптир. Бул эмнеден кабар берет?
— Айыл чарба өндүрүмдөрүн сөзсүз түрдө кайра иштетүү зарыл жана бул багытка өзгөчө көңүл буруу абзел. Себеби, Кыргызстандын калкынын 60 пайыздан ашыгы аймактарда жашайт. Ал эми аймактарда жашагандардын көбү айыл чарба багытында иш алып барышат. Биздин максат — аймактык өнүгүүнү колдоо менен, айыл чарба продукцияларын өстүрүп гана тим болбостон, аларды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Ал эми соода-сатык болбосо, өндүрүлгөн продукцияны ким сатат эле? Дал ушул себептен соода компаниялары да өтө маанилүү. Себеби, ар бир дыйкан же фермер өзү өндүргөн продукцияны сатууга мүмкүнчүлүк таба бербейт. Көпчүлүгү логистика, маркетинг, базар табуу жагынан кыйналышат. Мына ушул учурда соода тармагындагы компаниялар аларга жардамчы болот. Айрымдар 28% кепилдик соодага берилгенине сын айтып жатышат. Бирок соода болбосо, айыл чарба продукциясынын нарк чынжыры үзүлүп каларын түшүнүү керек. Бизге банктар аркылуу келген бардык кайрылуулар реалдуу муктаждыкты көрсөтөт. Ошондуктан, бул пайыздык көрсөткүчтөр - экономиканын мыйзам ченемдүү көрүнүшү.
— Финансылык рыноктогу абалды көзөмөлдөп турасаңыздар керек. Учурда кредиттик жеткиликтүүлүк кандай?
— Соңку жылдары коммерциялык банктардын кредиттик портфели негизинен керектөөчү насыяларга багытталып жатат. Тактап айтканда, бул ипотека, техника же башка керектүү жабдууларды сатып алууга берилген насыялар. Мурда өндүрүш тармагына берилген насыялар жалпы кредиттик портфелдин 1 пайызынан төмөн болсо, азыр бул көрсөткүч 1,5–2 пайызга чейин көтөрүлдү. Бул оң өзгөрүү. Ошондой эле, тейлөө тармагы, айрыкча туризм багыты боюнча насыялар да көбөйүп жатат. Бул да экономиканын жанданып жатканынан кабар берет. Эки жыл мурун коммерциялык банктардын жалпы кредиттик портфели 300 млрд сом болсо, азыр 404 млрд сомго жетти. Бул насыя жеткиликтүүлүгү кеңейип жатканын көрсөтөт. Мындан тышкары, биздин Кепилдик фонд аркылуу колдоо алган компаниялардын жалпы экономикалык салымы ички дүң продукциянын 6 пайызын түздү. Бул абдан жакшы жана маанилүү көрсөткүч.
— Соңку 3 жылда коммерциялык банктардын кредиттик портфелдери менен кирешеси өсүп жатат. Бирок ишкерлер кредиттик үстөк пайызы жогору экенин айтышууда. Бул эмнеден улам болууда?
— Бул абдан туура жана негиздүү маселе. Албетте, ишкерлер үчүн, айрыкча айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенгендер үчүн насыянын үстөк пайызы төмөн болгону жакшы. Бирок үстөк пайыздын жогору болушунун негизги себептеринин бири геосаясий абал. Айрыкча, Россия менен Украина ортосундагы согуш дүйнөлүк логистикалык байланыштарга таасирин тийгизип, экономикалык туруктуулукка терс таасир берди. Ошого карабастан, өкмөт жана Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн туура саясаттын натыйжасында өлкөнүн макроэкономикалык абалы кыйла жакшырды. Мисалы, 1,5 жыл мурун Улуттук банктын эсептик чени 14% болсо, учурда ал 9%га чейин төмөндөтүлдү. Салыштырмалуу айтканда, Казакстанда бул көрсөткүч азыр 15%. Эсептик чен бул коммерциялык банктардын насыя жана депозиттик пайыздарына түз таасир этүүчү негизги фактор. Эгер дүйнөдөгү жана аймактагы геосаясий кырдаал турукташып калса, анда бул өлкөнүн макроэкономикасына оң таасир берип, пайыздык чендер дагы төмөндөшү мүмкүн.
— Коммерциялык банктар кредиттик портфелин кеңейтүү үчүн чет элдик донорлордон жана өнүккөн өлкөлөрдөн каражат тартышат. Бирок, мисалы, Европада үстөк пайыз 1,5–3% болсо, Кыргызстанда ал бир топ жогору. Бул эмнеге байланыштуу?
— Бул суроонун негизинде бир нече маанилүү фактор жатат. Биринчиден, өнүккөн өлкөлөрдө инфляция деңгээли 1,5–2% тегерегинде болсо, Кыргызстанда бул көрсөткүч 8%ды түзөт. Улуттук банктын максаттуу көрсөткүчү 5–7%ды түзөт. Натыйжада, насыянын үстөк пайызы дагы жогору болот. Экинчиден, өнүккөн өлкөлөр Германия, Франция, АКШ, Япония сыяктуу мамлекеттерде финансылык система жакшы өнүккөн жана экономикалык туруктуулук жогору. Алардын экономикасында керектөө муктаждыгы ички дүң продукцияга карата 100–300% деңгээлде болсо, Кыргызстанда бул көрсөткүч болгону 22,5%. Демек, бизде экономика дагы деле өнүгүү жолунда. Ошондуктан Кыргызстан инвестиция тартууга жана финансы системасын бекемдөөгө муктаж. Акыркы жылдары мамлекет тарабынан бул багытта олуттуу кадамдар жасалууда. Мисалы, жакында өкмөт “Элдик банкка” 60 млрд сом капитал кошуп берди. Бул банк системасынын тарыхындагы чоң жетишкендик. Качан банк системасынын капиталы өсөт, ошол учурда чет элдик инвесторлор да каражат бөлүүгө кызыкдар болот. Демек, насыя шарттары да акырындап жакшырып, үстөк пайыздар төмөндөшү мүмкүн.
— Кыргызстандын каржы рыногуна кызыккан эл аралык уюмдардын саны өсүп жатабы?
— Ооба, соңку жылдары Кыргызстандын каржы секторуна кызыккан эл аралык уюмдардын саны байкаларлык өсүүдө. Бул ишеним дүйнөлүк деңгээлде дагы тастыкталууда. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Дүйнөлүк банк менен 120 млн долларлык келишимге кол коюлду. Анын ичинен 60 млн доллары “Кепилдик фонд”, калган 60 млн доллары Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу ишке ашырылат. Учурда биз 20га жакын долбоорду даярдап жатабыз. Андан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы менен да активдүү иштешүү пландалууда. Аларга 5 млн доллардан жогорку суммадагы, айрым учурда 10 млн долларга жеткен долбоорлорду сунуштоо аракеттери жүрүп жатат. Мунун баары Кыргызстандын финансы системасынын ишенимдүү өнүгүп жаткандыгынын жана эл аралык уюмдардын кызыгуусунун реалдуу көрсөткүчү.
— Калк арасындагы жакырчылыкты азайтуу жана кредиттердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн коммерциялык банктар менен өз ара макулдашып, үстөк пайыздарды төмөндөтүүгө кандай шарттар же өбөлгөлөр бар?
Коммерциялык банктар өздөрүнүн негизги милдеттерин аткарып жатышат. Бирок, бул жаатта дагы чоң аракеттер талап кылынат. Алсак, биздин ишкерлердин финансылык сабаттуулугу өтө төмөн. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө ишкерлердин 70%ы финансылык жактан сабаттуу болсо, бизде бул көрсөткүч болгону 17%ды гана түзөт. Көп ишкерлер грант алууга көнүп калышкан. Аларга кайтарымсыз каражат керек, насыяны же башка финансылык куралдарды пайдаланууга даяр эмес. Бизнес-план түзүүнү да билбегендер көп. Айрымдар “кредиттик комиссиядан өтсөм болду, насыя алсам эле жетет” деген ойдо болушат. Биз ишкерлерге акысыз бизнес-план түзүп берүүгө даярбыз десек да, көпчүлүгү бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланбай жатышат. Мунун баары ишкерлердин деңгээлин көтөрүүнү талап кылат. Ошондой эле, банктар менен ишкерлердин ортосунда өз ара түшүнүү жана өнүгүү болушу керек. Айта кетүүчү нерсе, ишкерлердин кредитти кайтаруу деңгээли жогору. Бул жакшы көрүнүш. Бизде болгону ишкерлердин деңгээлин банктардын деңгээлине көтөрсөк, ишкерлер менен банктардын мамилеси чыңдалып, ишенимдүү кызматташуу түзүлсө, анда бул макроэкономикалык өнүгүүгө да чоң түрткү берет.
— Соңку мезгилде өлкө жетекчилиги жашыл экономиканы жана айым ишкерлерди колдоо зарылдыгын баса белгилеп келет. Бирок ушул тармакта иштеген ишкерлер насыянын жеткиликтүүлүгү өтө төмөн экенин айтып даттанышууда. Бул маселе боюнча жүргүзүлгөн анализдер кандай жыйынтык көрсөттү?
— Бүткүл дүйнөдө жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурулууда. Эгерде биз да жашыл экономиканы колдобосок, анда Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык каржы институттары бизге каражат бөлбөйт. Ошондуктан бул багытта иштөө заман талабы. Жакында эле өкмөт таксономия боюнча документке кол койду. Бул документ кайсы долбоорлор жашыл экономика талаптарына жооп берет деген маселени аныктайт. Кээде биз бул талаптарды аткарууга даяр болбойбуз же аны аткаргыбыз келбейт. Бирок эгерде ишкер экологиялык талаптарга жооп берген долбоор менен кайрылса, эл аралык банктар бул демилгени колдоп, каражат бөлүүгө даяр болушат.
Мындан тышкары, эки жума мурун Европа өнүктүрүү банкы “Ишкер айымдарды колдоо” кодексине кол койду. Биз да ушул кодекске кошулдук. Бүгүнкү күндө биздин кепилдик фонддун портфелинде 33–36%га чейин насыялар айым ишкерлерге берилүүдө. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Келечекте бул пайызды дагы жогорулатуу пландары бар. Биз ишкер айымдарды колдоого дайыма даярбыз.
— Финансылык ресурстары оптималдуу пайдалануу үчүн финансылык институттар, артыкчылыктуу багыт катары белгилеп алып, каржылоо механизмдерин иштеп чыгып турасыздарбы жыл сайын?
— Ооба. Быйыл эле биз төрт жаңы кепилдик түрүн ишке киргиздик. Буга чейин негизинен жеке ишкерлерге гана көмөк көрсөтүп келсек, азыр бардык жарандар үчүн жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Бул жашыл экономика, ипотека, социалдык багыттагы долбоорлор жана аял ишкерлер үчүн өзүнчө кепилдик түрлөрүн киргизүүнү камтыйт. Жыл сайын биздин максаттарыбыз өзгөрүп, финансылык рыноктогу талаптарга жараша жаңыланып турат. Ошол эле учурда, биз артыкчылыктуу тармактарды аныктап, ошол багыттарда атайын каржылоо механизмдерин иштеп чыгабыз. Бул иш-аракеттердин бардыгы финансылык ресурстарды натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга багытталган.