Кепилдик фонду жыл башынан бери 2,4 млрд сомдон ашык кепилдик берди

Экономика Загрузка... 16 Октябрь 2025 16:35
2021-08-23_10-57-01.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. “Кепилдик фонд” ААК 2025-жылдын январь-сентябрь айларындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Фонддун маалыматы боюнча, жыл башынан жалпы суммасы 2,44 млрд сомду түзгөн 1 миң 95 кепилдик берилип, ишкерлерге өнөктөш коммерциялык банктардан 8,52 млрд сом насыя тартууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Кепилдиктердин эң көп саны айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилген – 681 кепилдик (62%). Кепилдиктердин олуттуу үлүшү ошондой эле соода (15%), транспорт (11%), кызмат көрсөтүү (4%) жана өнөр жай (2%) чөйрөлөрүндөгү ишканаларды өнүктүрүүгө багытталган.

Кепилдиктердин көлөмү боюнча айыл чарба продукциясын кайра иштетүү алдыңкы орунда турат – жалпы көлөмдүн 33%.