Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Эл аралык кызматташтыктын алкагында "Кепилдик фонд" АККсы болжол менен 90 млн доллардан жогору Дүйнөлүк банктан инвестиция тартып келди. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Кепилдик фонд" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.
Анын айтымында, "Кепилдик фонд" өткөн жылы Дүйнөлүк банктын 32 млн доллардык долбоорун 1,5-2 жыл эрте бүтүрүп, жогорку баасына татыган.
“Бул Дүйнөлүк банктын 35 жылдыгынын ичинде мындай эрте бүткөн долбоорлор жок болчу. Андан тышкары, биз Дүйнөлүк банктын Highly satisfactory эң жогорку баасын алдык. Бул баа банкттын айрым гана жакшы иштеген долбоорлоруна берилет. Биздин ишибиз жакшы болгондуктан, Дүйнөлүк банк дагы Кыргызстанга 120 млн доллар берди. Ошол каражаттын 59 млн доллары “Кепилдик фондго” берилди”,- дейт башкармалыктын төрагасы.
Белгилей кетсек, фонд тарабынан кепилдиктер гана берилбестен, ишкердик пландарды түзүүдө, коорпоративдик системаны киргизүүдө ишкерлерге жардам берилип жатканы маалымдалды.
“Мисалы, өткөн жылы аялдардын ишкердигин колдоого 658 кепилдик берилип, жалпы сандын 40 пайызын түзгөн. Ал эми кепилдиктердин жалпы суммасы 586,2 млн сом, насыялардын көлөмү 2,5 млрд сом болгон”,- деди ал.
Андан тышкары, өткөн жылы аталган фонддун өнөктөштөрүнүн саны 28ге жеткени кошумчаланды. Мисалы, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, Финансы-кредиттик өнүктүрүү фонду жана Венгерия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюлган. Ошондой эле фонд менен “Айыл Банк” ортосунда ислам каржылоо принциптерине ылайык кепилдиктерди берүү боюнча кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлган.
Эскерте кетсек, 2016-жылы түзүлгөн "Кепилдик фонд" АККсынын ишмердүүлүгүнө быйыл туура 10 жыл толот.