"Кепилдик фонд" биринчи "Ылдам" кепилдигин берди

Экономика 17 апрель 2025 14:50
"Кепилдик фонд" биринчи "Ылдам" кепилдигин берди

Бишкек, 17.04.25 /Кабар/. 2025-жылдын 25-мартында "Кепилдик фонд" ААКсы 1,06 млн сом суммасында "Ылдам" биринчи кепилдигин берген. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, мына ушундай колдоонун аркасында Жалал-Абад облусундагы ишкер транспорт тармагындагы бизнесин өнүктүрүү үчүн "Азия Банкы" ААКсынан 4 млн сом өлчөмүндө насыя алды.

“Ылдам” – бул бизнеске каржылоону тезирээк жана жеңилдетүүгө мүмкүндүк берген жана өнөктөш банктарга тобокелдиктерди ишенимдүү бөлүштүрүүнү камсыз кылган инновациялык кепилдик продукт.