"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын бийик тоолуу жайлоолору жапжашыл килем төшөлгөндөй өзгөчө кооздукка бөлөнүп турган убагы. Асман тиреген тоолор, уюлгуган аппак булуттар жана тунук тоо абасы бул аймактын бейпилдигин андан бетер арттырат. Жан дүйнөгө тынчтык тартуулаган бул жашыл өрөөн табияттын кучагында эс алууну каалаган ар бир саякатчынын сүйүктүү жайына айланууда.
"Кабар" агенттигинин сүрөтчүсү бул кооздукту сүрөткө түшүрдү.