Кеминдеги тоок фабрикасы 40 тоннадан ашык эт өндүрүүдө

Аймак Загрузка... 09 Сентябрь 2025 10:20
RIAN_6150600.HR_.ru_ (1).jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Кеминдеги тоок фабрикасы 40 тоннадан ашык эт өндүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти.

Кемин районунда эки эт багытындагы тоок ишканасында ар бир 40 күндө 40 тоннага жакын эт өндүрүлөт. Долбоор былтыркы жылы декабрда башталган. Тооктор Түркиядан алынып келинген жана "Рост-308" тукумундагы тооктор болуп, бир тирүү тооктун салмагы 2,9 кг чейин жетет.

Бул өндүрүштүн эти жергиликтүү завод-фабрикаларга дүң баада сатылып, керектүү учурда экспортко да жөнөтүлөт.

Белгиленгендей, тоок чарбасынын өндүрүшү санитардык талаптарга ылайык жүргүзүлөт, дары-дармек менен алдын ала камсыздалган.