Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунда жылдан-жылга жол кырсыктары жана анда каза болгон жарандардын саны өсүп жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талайбек Масабиров билдирди.
Анын айтымында, Кемин шаарынын жашоочулары жол кырсыктарынын келип чыгуу себептерин тизмектеп, маселени чечип берүүнү сурануу менен райондун расмий мекемесинин статистикалык маалыматын жөнөтүшкөн.
“Жайкы туристтик мезгилди утурлай Кемин шаарынын жашоочуларынан жол кырсыктарынын көбөйүп жаткандыгы тууралуу кат келип түштү. Катта райондук жол транспорт кырсыктарынын талдоосу боюнча статистикалык маалымат тиркелген. Ага ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында катталган 25 жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 45 адам жаракат алган. Ал эми 2025-жылдын биринчи кварталында катталган 26 жол кырсыгында 9 адам каза болуп, 42си жаракат алган. Андан тышкары, жөө жүргүнчүнү сүзүп кетүү, кагылышуу жана тоскоолдук түзүү боюнча бир нече фактылар катталганы маалымдалган. Бул жайкы туристтик мезгил баштала электеги эле көрүнүш, алдыда сезон башталса кыймыл мындан да көп болот, кырсыктардын алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”,- деди Масабиров.
Кемин шаарынын жашоочулары эл өкүлүнө жазган катта билдиришкендей, кырсыктардын келип чыгышына жолдогу бир нече көйгөйлөр себеп болууда.
“Аталган жол кырсыктары бир нече көйгөйлөрдүн кесепетинен болууда. Мисалы, аймактын кээ бир чакырымдарында жарыктандыруулар жок, түнкү убакта видео көзөмөлдөөчү камералар жетишсиз. Аймакка тиешелүү 55 чакырым жолду жалпы эки патрулдук унаа гана карайт. Өзгөчө райондун Чолок айылындагы 124 чакырым өтө кооптуу. Ал жерде ички жол менен айланма жол кошулган, жол белгилери бар. Бирок, бул тилкеде унааларды чоң ылдамдыкта айдашат. Туристтик мезгилдин башталышында тиешелүү тараптар менен биргеликте ушул маселелерге көңүл бурууңуздарды Кемин шаарынын тургундарынын атынан сурайм”,- деди ал.