Кеминде жаңы төрөт үйү курулуп, дарыгерлер үчүн жатакана даярдалууда

Аймак 12 Март 2026 18:38
a0c90ed5-2466-4bb2-b3a7-b553bc4d8c8d.jpg
0c13eb7d-205c-4087-8fe1-0aec17db1dad.jpg
0c82280c-51b5-4132-bdf8-863dd99950dc.jpg
8d59e8cb-a394-4543-856f-307b9f849902.jpg
62d782a6-ec79-4ecf-aaf7-2f5700f263bf.jpg
564d01a1-3059-48b9-a02a-be91f7906bcd.jpg
739b9639-8fa2-4098-956e-9644365c0d97.jpg
789a9c16-fa29-4974-8028-2d1ce0698f23.jpg
25081b5e-e073-4b72-b590-693087edb0f9.jpg
43436f9e-6c4c-44ac-8788-7bd3d77c0ae2.jpg
60104a9e-cd33-40d9-8113-19707d4ad459.jpg
12777348-bd5b-492f-b868-955782da6944.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кемин районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун инфраструктурасы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Министр 50 орундуу, төрт кабаттуу жаңы төрөт үйүнүн курулушун көрдү. Учурда имараттын үчүнчү кабаты көтөрүлүп, монолиттик иштер жүрүүдө. Жаңы мекеме заманбап операциялык блоктор, төрөт залдары жана ымыркайлардын патологиясы бөлүмү менен камсыз болот.

Кадр тартыштыгын чечүү максатында мурдагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 8 батирлүү жатаканага айландырылууда. Кемин районунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоордун баасы 18 млн сомду түзөт.

Министр JICA аркылуу алынган заманбап жабдуулар менен жабдылган лабораторияны көрүп чыкты. Бардык изилдөөлөр санариптештирилип, жыйынтыктар автоматтык түрдө Sanarip clinic системасындагы бейтаптын электрондук картасына түшөт.

Борбордун реанимация жана рентген кабинеттери жаңы санариптик аппараттар, анын ичинде өпкөнү жасалма желдетүүчү жабдыктар менен камсыздалган.

Дамир Осмонов ошондой эле эски төрөт үйүнүн имаратын кошумча изилдөөнү жана аны капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоону тапшырды. Борбордун жетекчилиги менен болгон жолугушууда негизги көйгөй катары кадр жетишсиздиги айтылып, аны чечүү үчүн социалдык шарттарды жакшыртуу иши улантыла турганы белгиленди.