Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Кеминде жаңы административдик имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, министр Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кемин райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуп, имараттын абалын текшерди.
Жолугушууда ал өлкө боюнча министрликтин карамагындагы административдик имараттар акырындык менен оңдолуп жатканын белгиледи.
"2-3 айдан кийин сиздер жаңы имаратта иштейсиздер. Эң негизгиси, чынчыл жана адилеттүү иштегиле", - деди Орунтаев.
Долбоорго ылайык, жаңы имаратта жыйындар залы, күтүү бөлмөсү, архив, кабыл алуу залы, бирдиктүү терезе системасы жана коммуналдык бөлмөлөр болот. Имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды жана жарандар үчүн жеткиликтүү кызматтарды камсыз кылуу максатында заманбап талаптарга ылайык курулууда.
Белгиленгендей, учурда алдын ала долбоорлоо аяктап, казуу иштери жүрүп жатат.
"Жаңы административдик имараттар республикалык бюджеттин каражаттарына эмес, министрликтин ички ресурстарына курулуп жатат. Учурда өлкө боюнча ондон ашык ушундай объект курулуп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.