Кеминде жапайы жаныбарлар жаратылышка кое берилди

Коом Загрузка... 01 Октябрь 2025 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon NABU Кыргызстан

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Кеминде жапайы жаныбарлар жаратылышка кое берилди. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин районундагы Суулуу-Терек коктусуна 12 кекилик жана 2 жаман сары, ал эми Чоң-Кемин өрөөнүнө 2 чүткөр (дикобраз) жаратылышка кое берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин чүткөр менен кекиликтерди Жаратылыш министрлиги менен Чүй облустук милициясынын кызматкерлери Кемин районундагы “Кемин Ордо” эс алуу жайында мыйзамсыз кармалып турган жеринен алып, NABU Кыргызстан уюмуна өткөрүп беришкен. Натыйжада алар уюмдун Суулуу-Терек коктусундагы жапайы жан жаныбарларды кайра калыбына келтирүүчү реабилитациялык борборунда багылып турган.

Ал эми жаман сары аталган реабилитациялык борборго ушул жылдын июнь айында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунан жарат алып, уча албай калган жеринен алынып келген. Андан бери калыбына келтирилип, эми эркиндикке кое берилди.

Эске салсак, бул иш чара Кемин районунун аңчы адиси менен биргеликте ишке ашырылды.