Кеминде жапайы жаныбарлар мыйзамсыз кармалып турганы аныкталды

Аймак 18 Сентябрь 2025 10:45
548224060_782396794413452_4932393803544874984_n.jpg
549073077_782396677746797_67534003887055636_n.jpg
548282203_782396787746786_4207733053885781360_n.jpg
548381622_782396684413463_267934069891318027_n.jpg
549011846_782396674413464_2709386216290982479_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Кемин районунда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталды .

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейд учурунда «Кемин-Ордо» эс алуу аймагында жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо фактысын аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл китепке кирген 2 дикобраз жана 15 кекилик кармалып жатканы белгилүү болгон. Ал эми ээси бул жаныбарларды кармоого уруксат берүүчү тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес. Мыйзамга ылайык, уруксаты жок кармалган жаныбарлар мыйзамсыз алынган деп эсептелет жана аларды сатып алуу, сатуу жана кармоо тыюу салынган.

Жыйынтыгында, жаныбарлар NABU Жаратылышты коргоо уюмуна өткөрүлүп берилди. Бул окуя боюнча материалдар Кемин райондук ИИБге жөнөтүлдү, териштирүү иштери уланууда.