Кеминдеги тоо беттери жарнамалардан тазаланат

Аймак 984 14 Январь 2026 16:14
WhatsApp Image 2026-01-14 at 15.39.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-14 at 15.39.42 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-14 at 15.39.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-14 at 15.39.42 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Ысык-Көлгө бараткан жолдо Кемин районундагы тоо беттериндеги жарнамалар тоолорубуздун көркүн бузууда. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов облустук коллегияда билдирди.

Анын айтымында, батыштан келген туристтер бул жарнамаларды көрүп, өздөрүнүн табиятына кайдыгер мамиле кылат деп, бизди шылдың кылышууда.

“Ал жарнамалар эмне кооздук берип жатат, же жергиликтүү бийликке кандай пайдасы бар? Эч кандай пайда жок, тескерисинче тоолорубуздун көркү бузулуп жатат. Кеминдин акимине тапшырма бергем, тез арада ал жак тазаланат. Бардык жарнамалар алынат. Бардык жакта тазалык болуш керек”, - деди Осмонов.

Ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү мэр жана акимдерге “Таза Чүй” долбоорунун алкагында таштанды боюнча толук аудит жүргүзүп, мыйзамсыз таштанды жайлардын жана таштанды челектердин санын аныктап, тизмесин түзүү тапшырмасын берди.

“Такталган тизменин негизинде таштанды урналардын канча пайызын камсыз кылганга күчүңүздөр жетет? Жетпегенин донорлор, фонддор, ишкердик коомчулук аркылуу толуктайбыз. Мисалы, ишкердик коомчулук бизге жаңы таштанды урналарды сатып алууга жардам берген учурлар көп кездешет. Ишибиз куру сөз үчүн эмес, жыйынтык үчүн болсун”, - деди ал.