Кеминдеги мал базарда рейд: Документи жок 20га чукул мал артка кайтарылды

Аймак 25 Май 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.15 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.01.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.15 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-25 at 14.22.01.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Кеминдеги мал базарга сатууга чыгарылган бодо малдын 30 пайызынын, ал эми кой-эчкинин 60 пайызынын биркасы жана коштоочу ветеринардык документтери жок болгон. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мухамед Дуванаев билдирди.

Анын айтымында, 24-майда аталган мал базарга күтүүсүз мониторинг жүргүзүлүп, малдардын биркасы, чиптери жана коштоочу документтери текшерилген.

Белгиленгендей, текшерүү маалында базарда 3000ден ашык кой-эчки, 1000ге чукул бодо мал жана 1000 баш жылкы болгон.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-январынан тартып Токмоктогу мал базар жабылып, январь айынын аягында Кеминдеги жаңы мал базар ачылган. Бул соода жайына Чүй облусунан тышкары Нарын жана Ысык-Көл облустарынан да көп мал алып келинет.

Базардын санитардык-ветеринардык абалы талаптарга жооп берет. Бирок малдардын биркасы жана тиешелүү документтери жоктугунан улам 20га чукул мал базарга киргизилбей, артка кайтарылды.

"Мал уурдоонун алдын алуу жана жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө максатында, мындай күтүүсүз мониторингдер республика боюнча бардык мал базарларда туруктуу түрдө улантылат",-деп айтылат маалыматта.