Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Бүгүн Кемин шаарында жаңы 50 орундуу заманбап төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Төрөт үйү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен курулууда.
Капсула салуу аземине Камчыбек Ташиев өзү катышып, Чүй облусунда болуп жаткан иштер боюнча маалымат берип, өз кезегинде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык объектилер, завод, фабрикалар, эгин-талаа жерлердин баары мамлекетке алынып жатканын айтты.