"Кемин" чек ара заставасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Аймак Загрузка... 01 Август 2025 14:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чек ара кызматы

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Чүй облусунда капиталдык оңдоодон өткөн "Кемин" чек ара заставасынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, Чек ара кызматынын ардагерлери жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы катышты.

Алимбаев чек ара объекттерин реконструкциялоо мамлекеттик чек араларды бекемдөө программасынын алкагындагы негизги артыкчылыктардын бири экендигин белгиледи. Ал өз сөзүндө ведомстводо болгон олуттуу жаңыланууларды белгилеп өттү.

"Бүгүнкү күндө ведомство кубаттуу учкучсуз учуучу аппараттар, жогорку технологиялык куралдар жана техника менен камсыздалды.

"Кемин" чек ара заставасы аскер кызматчыларынын күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбап комплекс болуп саналат", - деди ал.

"Кемин" чек ара заставасынын өздүк курамы 200 чакырымга жакын мамлекеттик чек араны кайтарууга жооптуу. Бул тилкенин басымдуу бөлүгүн (дээрлик 90%) тоолор ээлейт, калган бөлүгүн түздүк жана Чу дарыясын бойлой өткөн суу чек арасы түзөт.