Кемелова XI Нева эл аралык экологиялык конгрессинин ишине катышты

Коом 26 май 2025 15:10
499918911_1241031231364842_1754988494834236776_n (1).jpg
499860549_1241031854698113_8502852728186956025_n.jpg
499916413_1241031538031478_4262916733463247177_n.jpg
500121081_1241031708031461_589462222546381583_n.jpg
499925657_1241031724698126_703977296337526037_n.jpg
499934645_1241031594698139_7942320850895109059_n.jpg
499872584_1241031348031497_5465498255104706496_n.jpg
499928144_1241031314698167_337316107832734015_n.jpg
Алдыга
Артка
499918911_1241031231364842_1754988494834236776_n (1).jpg
499860549_1241031854698113_8502852728186956025_n.jpg
499916413_1241031538031478_4262916733463247177_n.jpg
500121081_1241031708031461_589462222546381583_n.jpg
499925657_1241031724698126_703977296337526037_n.jpg
499934645_1241031594698139_7942320850895109059_n.jpg
499872584_1241031348031497_5465498255104706496_n.jpg
499928144_1241031314698167_337316107832734015_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Кыргызстандын делегациясынын курамында Санкт-Петербург шаарында XI Нева эл аралык экологиялык конгрессинин ишине катышты.

Иш-чара Россия өкмөтү, Федералдык Жыйындын Федерация Кеңеши, Россиянын Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги, ошондой эле КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы тарабынан уюштурулган. Ага 70тен ашык өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарынын, ишкер чөйрөсүнүн, коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү жана эксперттер, ошондой эле 17 эл аралык уюм катышты.

Конгресстин башкы темасы “Жер планетасы: адам менен жаратылыштын гармониясы” деп аталды. Талкуунун өзөгү климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздук, экологиялык мониторингди санариптештирүү, жашыл технологиялар, шаар экологиясы жана экотуризм маселелери болду.

Динара Кемелова экологиялык бакубаттуулукка жетишүүдөгү аялдардын ролуна арналган сессияда сөз сүйлөп, анда Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча дүйнөлүк аренадагы демилгелери, тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин аткарылышы, ошондой эле Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан стратегиялардын, программалардын жана долбоорлордун алкагында аялдарга колдоо көрсөтүү жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле Конгресстин алкагында Ирандын Вице-президенти Шина Ансари, Малайзиянын Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохаммед менен эки тараптуу жолугушуулар, ошондой эле Мозамбиктин, Түштүк Африка Республикасынын, Буркина-Фасонун, Нигериянын делегацияларынын башчылары, парламент мүчөлөрү жана Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен эки жактуу жолугушуулар өткөрүлдү. Алардын жүрүшүндө Президенттин өкүлү Кыргызстандын тоолорго байланыштуу демилгелери тууралуу айтып берип, бул багытта жигердүү кызматташууну сунуштады.

Иш-чаранын соңунда делегация башчылары куурап калган бак-дарактарды калыбына келтирүү программасынын алкагында Таврид багына көчөт отургузууга катышышты.