Кемчиликтер жоюлдубу? Айбек Жунушалиев №56 мектепти текшерди

Коом 15 октябрь 2025 19:30
1760525412.jpg
1760525408.jpg
1760525405.jpg
1760525401.jpg
1760525461_large.jpeg
Алдыга
Артка
1760525412.jpg
1760525408.jpg
1760525405.jpg
1760525401.jpg
1760525461_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев буга чейин берилген тапшырмаларды аткаруунун алкагында борбор калаадагы №56 мектепти текшерди.

Мэриядан билдиришкендей, шаар башчысы аткарылып жаткан иштер менен таанышып, көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Шылтоо издебей, чечим табыш керек болчу. Мындай маселелер менин жеке кийлигишүүмсүз, комплекстүү жана системдүү түрдө чечилиши керек. Менин келүүмдү күтүүнүн кереги жок – силер өз алдынча аракет кылышыңар зарыл», – деп шаардык кызматтардын жетекчилерине кайрылды мэр.

Айбек Жунушалиев башталган иштерди аягына чыгарууну, мектеп имаратынын фасадын ирээтке келтирип, айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүнү тапшырды. Айрыкча мектептин короосун жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек,  «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы мектеп аймагында асфальттоо иштерин жүргүзсө, «Бишкекжашылкурулуш»  ишканасы бак отургузуу үчүн жерди даярдап, жашыл өсүмдүктөргө кам көрүүдө. Ал эми «Бишкекжарык» ишканасы спорт залдагы жарыктандыруу системасын алмаштырды.

Буга чейин да шаар мэри №56мектепке келип, бир катар кемчиликтерди жоюуну тапшырган.