Кыргызстанда сейсмоизолятор чыгарган завод курулат - Орунтаев

Экономика 13 июнь 2025 12:49
503821994_18070349959950142_2398225241175498393_n.jpg
504002113_18070349986950142_5140081792292161844_n.jpg
504167946_18070349983950142_8721484083265290243_n.jpg
503762558_18070349962950142_5617593676981599058_n.jpg
Алдыга
Артка
503821994_18070349959950142_2398225241175498393_n.jpg
504002113_18070349986950142_5140081792292161844_n.jpg
504167946_18070349983950142_8721484083265290243_n.jpg
503762558_18070349962950142_5617593676981599058_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда сейсмоизолятор чыгарган завод курулат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Кытай компаниясы менен 10 млн АКШ долларына келишим түзүлгөн.

"Кыргызстанда Курулуш министрлигинин базасында сейсмоизоляторлор чыгаруу боюнча завод курулат. Башкаруу 51/49 пайыз менен. 51 пайыз мамлекеттин пайызы болот.
Ушул эле келишимдин негизинде жер кыртышын изилдөө боюнча 3 мобилдик жана 3 лаборатория болот.

Андан тышкары 1,5 млн доллар мамлекетке грант келет. Ал акча каражат Курулуш министрлигинин жабдыктарын алууга жана имараттарын курууга колдонулат.

Келишимдин аткаруу мөөнөтү 90 күн. Ал убакытта 11,5 млн АКШ долларын Кыргызстанга алып келишет",-деди ал.

Ошондой эле келишимдин иштөө мөөнөтү 7 жылга түзүлүп, ал убакыттан кийин баардык имараттар жана жабдыктар толук мамлекетке өткөрүлөрү кошумчаланды.