Келечектин пайдубалы: Кыргызстанда дагы кандай жаңы долбоорлор ишке ашат?

Аналитика
WhatsApp Image 2026-10-27 at 15.24.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 15.24.33.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-27 at 15.24.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 15.24.33.jpeg
Алдыга
Артка

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстан экономикалык көйгөйлөрдүн кесепетинен улам бирин чечүүдөн узак мөөнөттүү стратегиялык пландаштырууга өтүүдө. Өкмөт ишин азыркыдай ыргак менен уланта турган болсо, алдыда мамлекет элди ойго келбеген ири долбоорлор менен таң калтырары бышык. Кийинки жылдардагы негизги өсүштү энергетика, эл аралык логистика жана ири масштабдуу индустриалдаштыруу боюнча чоң долбоорлор камсыздайт. Алардын катарында онкологиялык клиника, миңдеген орунду камтыган медициналык кластер, күчү боюнча Камбар-Ата 1 ГЭСинин кубаттуулугунун дээрлик жарымына теңтайлаша алган Казарман ГЭСтер каскады турат.

Акыркы 6 жылдан бери Кыргызстанда ишке берилген жана ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор туурасында баарыбыз билебиз. Алдыда эмне болору элди эле эмес, ички жана тышкы инвесторлорду, капитал тартуу боюнча эксперттерди, эл аралык каржы институттарын да кызыктырып жатат. Кыргызстанга чет элдик капиталдын кызыгуусу күч экенин инвестиция тартуу боюнча эксперттер да белгилөөдө.

Мааниси жана көлөмү боюнча азыркылардан кем калбаган келечектин ири долбоорлорунун картасы ар тараптуу. Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң ири энергетикалык инвестициялык долбоорлордун бири — Казарман ГЭСтер каскады. Наркы 3 млрд доллардын тегерегиндеги ГЭСтер топтому Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда курулууда. Жалпы кубаттуулугу 912 мегаватка жетип, ал 1860 мегаваттык Камбар-Ата 1 ГЭСинин кубаттуулугунун жарымына барабар болот. Деги эле инвестициялык эң чоң каражатты жана калың капчыктуу инвесторлорду Кыргызстандын булуң-бурчундагы суу электр станциялары талап кылууда. Катарда Жогорку Нарын ГЭС каскады, Чоң-Кемин, Орто-Токой, Папан, Кара-Көл, Ак-Буура сыяктуу энергетикалык долбоорлор турат.

Алдыдагы жылдары медицина тармагы да олжолуу болчудай. Алсак, Кыргызстанда инвестициялык көлөмү 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк пайда болот. Жалпысынан 20 гектар аянтта толук циклдүү комплекс курулуп, өлкөнүн фармацевтикалык каражаттар боюнча өзүн-өзү камсыздоосун 4 пайыздан 25-30 пайызга чейин жогорулатат. Болжол менен 2500-3000 түз жана 10 000ден ашык кыйыр жумуш орундары түзүлүп, ЕАЭБ GMP стандарттарына жооп берген дары-дармектерди өндүрүүчү жайлар, медициналык аппараттар борбору, фармацевтикалык химиялык заттарды өндүрүүчү жай жайгашат. Экспорт да караштырылган.

Ошондой эле инвесторлор менен биргеликте жалпы наркы жарым млрд долларлык Онкологиялык клиника куруу караштырылууда. Медициналык комплекс протондук жана нур терапиясы үчүн заманбап технологиядагы жабдыктар менен камсыздалары айтылууда. Ал эми Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда ири масштабдагы медициналык шаарча курулат. Ооруканалар шаарчасына Улуттук госпитал, онкоцентр, кардиологиялык борбор, инфекциялык оорукана, туберкулез жана психоневрологиялык диспансерлер баштаган атайын мекемелер, ири стационарлар көчүрүлөт. Эксперттер аталган медициналык кластер 3000ден ашык орунду камтый турганын айтышууда.

Бир миллиард доллардын тегерегинде бааланып жаткан дагы бир чоң долбоор — Балыкчы—Кочкор—Кара-Кече—Макмал темир жолу. Инвестор чыкса аталган темир жолдун Макмалга чейинки тилкеси 2032-2035-жылдарга чейин бүтүп, Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу менен чогуу ишке берилип калса деген ниетин президент Садыр Жапаров да билдирген эле.

Дагы бир эбегейсиз чоң долбоор Чүй боорундагы Кичи-Кемин айыл аймагында пайда болот. Дээрлик 253 гектар жерге "Кемин Сити" заманбап экологиялык шаары түшүп, калкты турак жай менен камсыз кылууга, миграцияны азайтууга, квалификациялуу кадрларды тартууга жана аймактардагы социалдык чыңалууну басаңдатууга өбөлгө түзөт.

Транспорт демекчи, жыл аягында же кийинки жылы жаз чыгары менен Кыргызстанда сапаттуу электромобилдерди чогултуучу завод ишке кирери айтылды. Завод жылына 10 миң унаа чыгарат. Андан ары өкмөт эски машиналарды электр унааларына алмаштыруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгат. Ошондой эле Кыргызстанда "Шевроленин" онго жакын түрү, жүк ташуучу унаалардын шассиси, автобустар, пикаптар чогултулушу пландалган.

Мамлекет логистикалык борборлорго өзгөртүү киргизип, өзгөчө артыкчылык берүүдө. Учурда Кытай менен чек арадан анча алыс эмес жерде, Нарын облусунун Ат-Башы районунда эл аралык соода-логистикалык борбор курулуп жатат. Ал Кытай, Борбордук Азия жана Европа ортосундагы соода-транзиттик түйүнү болот. Курулушу 2027-жылдын аягына чейин бүтөт. Ошондой эле Баткенде трансчек аралык логистикалык хаб, Ысык-Көлдө соода-логистикалык борбор, Тамчы аба майданында логистикалык база куруу каралууда.

Бул арада Чаткалда "Чаарат" компаниясынын алтын өндүрүү ишканасына капсула салынды. Аталган ишкана Түлкүбаш жана Кызылташ алтын кен долбоорлорун өнүктүрүү менен алектенип келет. Түлкүбаш алтын кенине 156 млн доллар, ал эми Кызылташ кенине 400 млн доллар багытталары айтылган. Аймактагы 600 адам жумуш менен камсыз болот. Алтынды кайра иштетүүчү заводду Ала-Букада да куруу пландалууда. Ал 800 жумуш ордун түзөт.

Жогоруда аталган долбоорлор жергиликтүү инвестициялык платформалардын тизмесинин бир гана бөлүгү. Инвестициялык консультант, капиталды тартуу жана бүтүмдөрдү колдоо боюнча эксперт Родион Султаншин болочоктогу ири долбоорлорду бир нече толкунга бөлүп карайт. Эксперт "Кабар" агенттигине берген маегинде акыркы 5 жылда долбоорлорду ишке ашыруу жаатында пайда болгон мыйзам ченемдүү көрүнүш туурасында айтып берди:

"Учурда курулушу жүрүп жаткан долбоорлорду баарыбыз билебиз. Алдыда дагы кандай ири долбоорлор турганын көрүү дагы да кызыктуу. Мен келечектеги долбоорлорду үч толкунга бөлөт элем.
Биринчи толкун — жакынкы бир-эки жылга эсептелген. Буга эң алды Кочкордон Кара-Кечеге чейинки темир жолду узартуу кирет. Анын биринчи бөлүгү ушул жайда ачылды, курулуш жана жабдуулар даяр, иш кызуу уланууда. Мен ошондой эле бул топко инвестициялык келишимге жана электр энергиясын сатып алуу келишимине кол коюлган Тору-Айгырдагы 300 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын, Тамчыдагы Ысык-Көл аэропортунун жаңы терминалын жана өлкөнүн негизги клиникаларын көчүрүү пландаштырылган Бишкектеги ири медициналык шаарчаны кошом. Бул долбоорлорду ким каржылап жатканы түшүнүктүү.
Экинчи толкун — үч жылдан беш жылга чейин. Алар курулушу июнь айында башталган 912 мегаватт кубаттуулуктагы Казарман гидроэлектростанцияларынын каскады жана чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте саламаттыкты сактоо боюнча жаңы долбоорлор. Жаңы бир мисалды айта кетейин, октябрь айында эл аралык консорциум Кыргызстанда болжол менен 585 миллион долларга протондук терапиясы менен онкологиялык клиника курууну сунуштаган. Мындай долбоорлор өлкөдө бир жыл мурун талкууланган да эмес эле. Бул инвесторлордун Кыргызстанга болгон мамилеси кандайча өзгөртүлгөнүн көрсөтүп турат.
Үчүнчү толкун — эң дымактуусу. Ал болжол менен 20 млрд долларга бааланган Ысык-Көлдөгү Асман шаарын жана "Кемин Сити" экологиялык шаарын камтыйт. Асман боюнча иштер кайрадан жанданып, август айында шаарга 650 гектардан ашык жер өткөрүлүп берилди. Бирок мындай шаарлар аныктама боюнча бюджет менен эмес, инвесторлор тарабынан курулат. Ошондуктан алардын тагдыры ири капитал менен сүйлөшүү столунда чечилет.
Акыркы 5 жылда жөнөкөй бир мыйзам ченемдүү көрүнүш пайда болду. Каржылоосу капсула салынганга чейин камсыз кылынган долбоорлор эң тез ишке ашырылат. Андыктан жакынкы жылдардын башкы иши курулуш аянттарында эле эмес, долбоорлор инвесторлор, чет элдик инвесторлор үчүн ырасталган сүйлөшүүлөрдө да уланат. Биз дал ушул иш менен алектенебиз. Биз Кыргызстанга чет элдик капиталдын кызыгуусу учурда эң күчтүү экенин көрүп жана байкап жатабыз.
Бул арада анча чоң эмес көптөгөн долбоорлор бар. Дал ушул долбоорлорго артыкчылык берүү максаттуу. Алардын катарында Баткен аймагында биздин компания менен өнөктөштүктө курулуп жаткан асма жол бар. Жаңы тоо-лыжа жайлары, туристтик конок комплекстери туризмден каражаттын өсүшүнө өбөлгө түзөт", — деди Родион Султаншин.