Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Жакынкы арада жарандардын электрондук капчыктарындагы каражаттары мураска берилиши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова билдирди.
Анын айтымында, бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул түзөтүүлөрдүн алкагында колдонуудагы ченемдерди электрондук капчыктарга да жайылтуу сунушталууда.
Ал өткөн жылы "Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгендигин, ага ылайык электрондук акча эмитенттери – банктар да Депозиттерди коргоо агенттигинин коргоосуна алынганын эске салды.
"Бүгүнкү күндө рынокто банктык эсептер гана эмес, электрондук капчыктар да бар", - деп белгиледи Жапарова.
Банк эсептериндеги акча каражаттарын мураска калтыруу тажрыйбасын электрондук капчыктарга да өткөрүү сунушталууда. Бул демилге Юстиция министрлиги тарабынан сунушталып, Улуттук банк тарабынан колдоого алынган. Андан ары мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралат.