Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда "Келечекке салым" программасы боюнча 22 жетим балага жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта республика боюнча жалпы 3 миң 373 жетим бала катталып, ар бирине “Келечекке салым” программасынын алкагында атайын депозиттик эсеп ачылган.
“Алардын ичинен 1-октябрга карата 22 бала бул депозитти колдонгон. Учурда бул эсептерге жыл сайын мамлекеттик банктардын пайыздык үлүшү кошулган каражат түшүп турат. Максат ар бир баланын эсебинде ал 18 жашка толгондо кеминде 500 миң сомдун топтолушун камсыздоо”,-деди ал.