Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Келечек" реабилитациялык борборуна барып, майыптыгы бар балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу башкармалыктан билдиришти.
Каныбек Туманбаев балдар менен жолугушуунун жүрүшүндө бул сыяктуу учурлар өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
"Баланын бир жылмайышы, айтылган жылуу сөз, жанында кимдир бирөө бар экенин сезүү — мунун баары чоң күч берет. Ар бир бала көңүл бурууга, түшүнүүгө муктаж. Биз үчүн бул жардам көрсөтүү эмес, адамдык парз. Анткени камкордук бар жерде ишеним пайда болот, ишеним бар жерде үмүт жашайт", — деди ал.
Белгиленгендей, бул борбор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен мурдагы президент Бакиевдин уулуна таандык болгон үйдүн ордуна курулган. Бир кезде жеке кызыкчылыктарга кызмат кылган аймак бүгүн балдардын дарылануусуна, реабилитациясына жана келечегине үмүт берген социалдык маанилүү жайга айланды.