Эмгек министрлигинин реабилитациялык борборлоруна унаалар тапшырылды

Коом 25 Февраль 2025 12:36
480748047_1070408741795465_6740764587386656259_n.jpg
480702004_1070408558462150_7131919739911948332_n.jpg
480484427_1070408911795448_5754512255461650634_n.jpg
480488444_1070408778462128_3157741479995811939_n.jpg
Алдыга
Артка
480748047_1070408741795465_6740764587386656259_n.jpg
480702004_1070408558462150_7131919739911948332_n.jpg
480484427_1070408911795448_5754512255461650634_n.jpg
480488444_1070408778462128_3157741479995811939_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Эмгек министрлигинин реабилитациялык борборлоруна унаалар тапшырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, министрлик менен кореялык "Гуд Нейборс Интернешнл" кайрымдуулук уюмунун филиалы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун алкагында Сокулук реабилитациялык борборунун жана майыптыгы бар адамдарды колдоо жаатында активдүү иштеген "Келечек" борборунун директорлорунун ортосунда да келишимдер түзүлгөн. Мындан улам, реабилитациялык борборлордун муктаждыктары үчүн эки унааны тапшырылып, унаалар медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана майып балдарды ооруканаларга жана башка медициналык мекемелерге жеткирүү үчүн колдонулары айтылды.

Өз кезегинде Равшанбек Сабиров майыптыгы бар адамдардын, анын ичинде балдардын укуктарын коргоо жана жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

"Министрликтин карамагына 17 социалдык стационардык мекеме жана реабилитациялык борбор кирет. Бүгүнкү күндө бул мекемелерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын саны 2 миң 398 адамды түзөт, алардын ичинен 1 миң 269 эркектер жана 1 миң 129 аялдар. Мен бул меморандумдун алкагында калктын эң аярлуу топторунун бири – майыптыгы бар адамдарды, анын ичинде балдарды колдоо максатында кызматташуу кеңейтилет жана жакшыртылат деп терең ишенем",-деди ал.