Келечек муун үчүн борбордун жашыл өңүн жаңылап жатабыз – Бишкек мэри

Коом Загрузка... 29 Август 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.08.25 /Кабар/. Бүгүн биз борбор калаабыздын жашыл өңүн жаңылап, келечек муун 20-30-жылдан кийин да Бишкектин көркүнөн ырахат алып жашашы үчүн кам көрүп жатабыз. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаар тургундарына кайрылып жатып билдирди.

“Бүгүнкү күндө бак-дарактардын кыйылышына байланышкан талкуулар жүрүүдө. Мен бул нааразычылыктарды түшүнөм. Себеби, ар бирибиздин бул сейил бак жана аллеяларда жакшы күндөрүбүз калган. Бирок, чын-чынына келгенде кыйылган дарактардын 85 пайызы эскирип, ичинен чирип, кайсы бир убакта кулай турчу абалга жетип калган.

Учурда алардын ордуна 7-10 эсе көп көчөт отургузулууда. Бул сезондо эле шаар боюнча 7616 даана көчөт отургузулду. Мисалы, Масалиев проспектисине, Валиханов жана Элебесов көчөлөрүнүн жээктеринде 150дөн ашуун жалбырактуу дарактар пайда болду. Профсоюз көчөсүнө 317 дарак, ошондой эле шаар ичиндеги эс алуу аянчаларына, сейил бактарга 4 миңден ашуун дарак тигилди. Муну менен кошо тамычылатып сугаруу системасы жана кам көрүү пландары бекитилди. Быйылкы жылы 11900 узундук метриндеги тамчылатып сугаруу системасы орнотулду”-деп билдирди ал.