"Келечек" ипотекасы: 5 айда 52 үй-бүлө турак жайга ээ болду

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын ноябрь айына карата “Келечек” ипотекалык продуктусу боюнча жалпы 61,6 млн сомдон ашуун суммага 52 кепилдик берилди. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, бул жарандарга 237,6 млн сомдон ашык суммада ипотекалык насыяларга жетүүнү камсыз кылды.

“Алгачкы “Келечек” кепилдиги ушул жылдын 21-июнунда берилген. Бишкек шаарынын тургуну баштапкы төлөмгө каражат төлөбөстөн 3 бөлмөлүү батир алган. Мисалы, октябрь айында 31,5 млн сомдон ашык суммага 27 кепилдик берилген. Анын аркасында дээрлик 122,3 млн сом өлчөмүндө ипотекалык каржылоого жеткиликтүүлүк камсыз болду. “Кепилдик фонддун” колдоосу менен ондогон үй-бүлөлөр ипотека аркылуу өз үйүнө ээ болуп, жашоо шарттарын кыйла жакшырта алышты”,- деди Абакиров.

Белгилей кетсек, “Келечек” продуктусунун негизги шарттары төмөнкүдөй:

  • үзгүлтүксүз эмгек стажы же 12 айдан кем эмес ишкердик менен алектенүүсү;
  • ипотекалык каржылоонун суммасы - 10 млн сомго чейин;
  • кепилдик камсыздоонун өлчөмү сатып алынуучу турак жайдын баасынын 30 пайызына чейин;
  • комиссия - кепилдик суммасынан 2 пайызын түзөт.

“Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы маалымдагандай, “Келечек” ипотекалык кепилдигин алууну каалаган жарандар "Айыл Банк", "Элдик Банк", "МБанк", "Дос-Кредобанк" жана "Коммерциялык Банк КСБ" өнөктөш банктарга кайрылуу менен алса болот.

Эскерте кетсек, “Кепилдик фонд” ААКсы ипотека алуу үчүн баштапкы төлөмү жок же жетишсиз болгон өлкө жарандарын колдоого багытталган "Келечек" кепилдик жаңы продуктусун үстүбүздөгү жылдын май айында ишке киргизген.