"Келечек" борборунда 6 ай ичинде 392 бала реабилитациядан өттү

Ден соолук Загрузка... 12 Август 2025 14:54
WhatsApp Image 2025-08-12 at 16.05.48.jpeg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. "Келечек" реабилитациялык борборунда 6 айда 392 бала реабилитациялык кызматтарды алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 88и алгачкы жолу кайрылган. Жыныстык курамы боюнча быйыл эркек балдар 57% пайызды, кыздар 43 пайызды түздү.

Борбордо кызмат көрсөтүлгөн балдардын эң көбү Бишкек шаарында жашайт — 91 бала. Андан кийинки орундарда: Чүй облусу — 62, Жалал-Абад облусу — 55, Нарын облусу — 53, Ысык-Көл облусу — 51, Ош облусу — 35, Талас облусу — 27 жана Баткен облусу — 18 бала.

Борбор 4 жаштан 18 жашка чейинки Даун синдрому, жеңил деңгээлдеги акыл-эсинин артта калуусу, жеңил формадагы аутизм жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу бар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн.

Реабилитациялык борбор стационардык жана күндүзгү жатак режиминде иш жүргүзөт. Анын курамында төмөнкү бөлүмдөр бар:

  • кеңеш берүү-диагностикалык бөлүм;
  • медико-социалдык реабилитация бөлүмү (физиотерапиялык дарылоо, парафин-озокеритотерапия, дарылоочу массаж, стоматологиялык дарылоо, ЛФК);
  • психологиялык-педагогикалык реабилитация бөлүмү (логопеддик жана дефектологдук коррекция, психотерапия, колдун манжаларына тактилдик стимул берүүчү массаж, майда моториканы өнүктүрүү, предметтик оюндар, компьютердик оюндар, эрготерапия, агротерапия, арттерапия, музыкатерапия, сенсордук бөлмө жана башка кызматтар);
  • административдик башкаруу бөлүмү.

Эмгек министрлиги реабилитацияга муктаж болгон балдарды колдоого жана алардын толук кандуу, гармониялуу өнүгүүсү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну улантууда.