Күчтүү армия — күчтүү өлкө!

Аналитика Загрузка... 29 Май 2025 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстанда бүгүн, 29-майда Куралдуу күчтөрдүн күнү белгиленүүдө. Бул дата тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө күчтүү жана заманбап армиянын маанилүүлүгүн эске салат. Акыркы жылдарда өлкөнүн армиясы чоң өзгөрүүлөрдү басып өттү. Анын учурдагы абалы мезгилдин чакырыктарына, эгемендүүлүктү жана улуттук коопсуздукту чыңдоо багытын да чагылдырып турат.

Армия туруктуулуктун негизи

Армия – бул жөн эле түзүм эмес. Бул мамлекетти тышкы коркунучтардан: агрессиядан, терроризмден, чыр-чатактардан, чагымчылдыктардан коргогон калкан. Ишенимдүү коргонуу системасы болбосо, өлкө алсыз жана тышкы кысымга көз каранды болуп калат. Күчтүү армия мамлекеттин саясий салмагын арттырып, аймагы аз болсо да сый-урматка татытат.

Аскерлер ички тартипти камсыз кылууда - өзгөчө кырдаалдарда, табигый кырсыктарда, массалык башаламандыктарда маанилүү роль ойнойт.

Армия — тартиптин, жетилүүнүн жана патриотизмдин мектеби. Аскердик кызмат өтөө мүнөздү калыптандырат, жоопкерчиликке үйрөтөт жана жаштарды өз мекенинин бир бөлүгү катары сезүүгө мүмкүндүк берет.

Анан албетте, армия – бул чыныгы эгемендүүлүктүн негизи. Өзүн коргоого жөндөмдүү мамлекет өз алдынча чечим чыгарууга укуктуу. Бул чыныгы эркиндик.

Тарыхка карай

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхы 1992-жылдын 29-майында — Советтер Союзу тарагандан кийин башталган. Армия советтик бөлүктөрдөн калган нерселерден куралды. Заманбап техниканын, кадрлардын жана өзүнүн аскердик доктринасынын жоктугуна карабастан, өлкө өзүнүн көз карандысыз коргонуу системасынын пайдубалын түптөй алууга жетишти.

2021-2022-жылдардагы окуялар реформалардын негизги этабы болуп калды. Биз артка кылчайбайбыз, бирок бул кризис тездетилген модернизациянын башталышы экенин белгилеп кетүү керек.

2021-жылдан баштап Кыргызстандын армиясында:

  • Ички курам көбөйтүлдү, жаңы бөлүктөр түзүлдү;
  • Аскердик техника өз алдынча чыгарыла баштады;
  • Каржылоо жогорулатылды, окутуунун жаңы стандарттары киргизилди;
  • Мобилдүүлүккө жана коркунучтарга тез жооп берүүгө басым жасоо менен аскердик доктрина жаңыланууда.

Мурдагы коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиев белгилегендей, армиянын азыркы абалы өлкөнүн аскердик коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана өлкө эгемендигине кепилдик берет.

“Өлкө жетекчилигинин көңүл буруусу аркылуу армия системалуу жана максаттуу өнүгүп жатат. Курал-жарактарга, техникаларга, учкучсуз учуучу аппараттарга, абадан коргонуу системаларына жетиштүү каражат бөлүнүүдө. Армияга мындай көңүл буруу мурда болгон эмес. Мындан үч-төрт жыл мурда бюджет айлыкка, тамак-ашка жана күйүүчү майга гана жетчү. Азыр армия чыныгы күчкө айланды”,-деди ал.

Коргоо министрлигинин мурдагы башчысы белгилегендей, жакында Бишкекте өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны Кыргызстан аймактык коопсуздукту талкуулоого активдүү катышып жатканын көрсөттү. Афганистандагы радикал топтордон келип чыккан коркунучтардын фонунда мындай кызматташтык өзгөчө мааниге ээ.

"Кыргызстан өзүн күчтүү ички калканы бар мамлекет катары көрсөтө алды деп ишенимдүү айта алабыз. Күчтүү армия – бул эгемендүүлүк", - деп белгилейт Кудайбердиев.

2024-жылдагы Global Firepower рейтинги боюнча Кыргызстан дүйнөдө 105-орунда турат. Борбор Азияда Казакстан менен Өзбекстандан артта, бирок инфраструктуранын сапаты жана кадрларды даярдоо боюнча Тажикстандан алдыда.

Белгилей кетүүчү жагдай, өлкө мобилдүүлүккө, кесипкөйлүккө жана Россия, Түркия жана Кытай менен стратегиялык өнөктөштүккө басым жасоодо.

Кадрлар баарын чечет

Аскердик кадрларды даярдоо — артыкчылыктуу багыттардын бири. КР Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтуту беш жылдык программаны ишке ашырууда. Анда аскердик даярдык менен катар эле чет тилдери, эл аралык укук, стратегия жана чет өлкөлүк аскердик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүү боюнча билим берилет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү — бул жөн гана символ эмес. Бул коргоонуунун, тарбиянын, өнүгүүнүн жана эркиндиктин чыныгы куралы. Армия дүйнөлүк таасирге ээ боло элек болсо да, анын өнүгүшү өлкө өткөндөн үйрөнүп, өзгөрүп жана жыйынтык чыгарып жатканынан кабар берет. Куралдуу күчтөрдүн күнү маанилүү дата гана эмес. Бул коопсуздук эч качан токтобогон процесс экенин эскертип турат.