Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Казакстандын командасы “Көчмөндөр жүрүшү” эл аралык ат марафонунун алгачкы 50 чакырымында биринчи орунга чыкты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр жүрүшү" эл аралык ат марафонунун биринчи этабы жыйынтыкталды. Биринчи күнү катышуучулар жалпы 300 чакырымдык аралыктын 50 чакырымын басып өтүштү.
Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча Казакстандын командасы алдыда келе жатат. Экинчи орунда "Ысык-Көл" командасы, үчүнчү орунда Нарын облусунун Кочкор районунун атынан катышып жаткан "Бай-Эл" командасы келе жатат.
Катышуучуларды алдыда дагы 250 чакырымдык жол күтөт.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 300 чакырымдык ат марафону биринчи жолу өткөрүлүп жатат.
Белгилей кетсек, "Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.