“Көчмөндөр санаты” фестивалында аваздык-аспапчылар өнөрлөрүн тартуулашты

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 09:45
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан ”Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалынын ”Аваздык-аспапчылык” багыты боюнча сынагынын катышуучулары өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, ар кайсы өлкөлөрдөн келген өнөрпоздор улуттук музыкалык аспаптарында аткарууларды тартуулап, салттуу музыкалык мурастарын тааныштырды. Ар бир чыгарма өзүнүн музыкалык өзгөчөлүгү жана аткаруу чеберчилиги менен айырмаланды.

Көрүүчүлөр өнөрпоздордун чыгууларын жылуу кабыл алып, музыка жаңырган учурда аткаруучуларга кошулуп ырдап, бийлеп, кечке өзгөчө маанай тартуулашты. Иш-чара ар түрдүү элдердин маданиятын, салттуу музыкасын жана чыгармачылыгын жакындаткан майрамга айланды.