Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Көчмөндөр санаты” эл аралык фестивалынын алкагында чет өлкөлүк катышуучулардын концерти өтүүдө.
Өнөрпоздор көл жээгиндеги “Көчмөндөр санаты” сахнасында өздөрүнүн музыкалык жана чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашууда.
Учурда көрүүчүлөр якутиялык “Ытыс ымыта” ансамблинин аткаруусундагы чыгармаларга күбө болушууда.
Эске салсак, Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий-этнографиялык комплексинде “Көчмөндөр санаты” эл аралык фестивалы ачылды. Ага дүйнөнүн дээрлик бардык континенттеринен 38 мамлекеттин өнөрпоздору, окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү катышууда.
Фестиваль 5-сентябрга чейин уланат.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.