Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине жана көк бөрү, көкпар оюндарынын финалдык оюндарына билеттер калган жок.
Буга байланыштуу оюндардын медиаштабы расмий эмес маалыматтардан, булактардан жана жасалма билеттерден сактанууга чакырат.
“Жогоруда аталган иш-чаралар өтүп жаткан учурда билеттер күчөтүлгөн тартипте текшерилет”, - деп белгилешти медиаштабдан.