Бишкек, 30.08.26 /Кабар/. Дүйнөлүк жылдыз Николь Шерзингер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Шерзингер легендарлуу ”The Pussycat Dolls” тобунун солисти, ошондой эле ”Don’t Cha”, ”Buttons“ сыяктуу дүйнөлүк хиттердин аткаруучусу катары белгилүү.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи 31-августта ”Бишкек Арена” стадионунда өтөт.