Чолпон-Ата айланма жолу: Көчмөндөр оюндарына чейин ишке берилет

Аймак Загрузка... 27 Март 2026 10:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана ШКУ саммитине чейин Чолпон-Ата айланма жолу бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айланма жолдун курулушу быйыл башталган. 4 тилкелүү жолдун узундугу 15,64 чакырымды түзүп, параллелдүү долбоорлоо менен курулат. Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.

"Учурда демонтаждоо, темир-бетон буюмдарын даярдоо жана жер жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле асфальт-бетон заводун ишке киргизүү пландалууда. Аталган жолду салуу боюнча "Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн" подрядчы компаниясы менен келишим түзүлгөн",-деп айтылат маалыматта.