Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Түндүк айланма жолу 6 тилкелүү жана жол чыраксыз болот.
Долбоордо каралган жолдун жалпы узундугу – 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алматы – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда.
Ошондой эле 13 транспорттук түйүн каралган. Анын 11и жаңы курулуп, экөөсү капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Иштеп жаткан көпүрөлөр кеңейтилүүдө.
Жолдун ар бир тилкесинин туурасы эл аралык стандартка ылайык 3,75 метрден болот. Планга ылайык, бул тилкелерде жол чырагы болбойт, ал унаалардын токтоосуз кыймылын камсыздайт.
Жөө адамдарга жер үстүнөн өтмөктөр, 2,25 метрлик тротуарлар жана жолдун бардык тилкелеринде заманбап жарыктандыруу каралат. Долбоор борбор калаанын айланасындагы тыгындарды азайтууга багытталган.
Белгилей кетсек, жол куруу иштери 2025-жылдын январында башталган. Долбоорду 2026-жылдын декабрь айында бүтүрүү каралган.
Учурда инженер-консультанттар тарабынан курулуштун сапатына жана техникалык спецификациялардын сакталышына күнү-түнү катуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында Түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштери менен жеринде таанышты.