Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин четиндеги Түндүк айланма жолун куруу иштери менен таанышты.
Долбоордо каралган жолдун жалпы узундугу – 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алматы – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда.
6 тилкелүү жол эл аралык стандарттарга ылайык салынып жатат. Өзгөчөлүгү жолдо жол чырактары болбойт. Бул унаалардын токтоосуз өтүүсүнө шарт түзмөкчү.