Көчмөндөр оюндарына Монголиядан 135тен ашык спортчу келди — Кабар

Көчмөндөр оюндарына Монголиядан 135тен ашык спортчу келди

Көчмөндөр оюндары-2026 31 август 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-08-31 at 16.44.11.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Монголиядан 135тен ашык спортчу келди. Алар спорттун 27 түрү боюнча мелдешет. Бул тууралуу аталган өлкөдөн келген журналист С. Отгонсурэн "Кабар" агенттигине билдирди.

Ал кесиптештери менен биргеликте Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын айтты.

Ошондой эле монголиялык конок Кыргызстан Монголияга архитектурасы, имараттары, ал тургай адамдарды да абдан окшош экенин белгилеп өттү.

“Учурда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганы жатат. Иш-чараны чагылдыруу үчүн көптөгөн өлкөлөрдөн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишти. Мындай ири масштабдуу иш-чараны чагылдырып жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өткөнү жатат. Биз бул иш-чаралардын баарын монгол маалымат каражаттары аркылуу ыкчам чагылдырып жатабыз.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келсек, Монголиядан 135тен ашык спортчусу спорттун 27 түрү боюнча мелдешүү үчүн келишти. Биз бул жерге спортчуларыбызды колдоо үчүн келгенибизге кубанычтабыз.
Бул жолу оюндардын программасына монгол улуттук күрөшү киргенине да сүйүнүп жатабыз. Бул 51 миң орундуу арена мен көргөн эң чоң стадион. Менимче, Кыргызстан ушундай ири масштабдуу иш-чараларды уюштуруу менен дүйнө жүзү боюнча көчмөндөр маданиятын жайылтууга чоң салым кошуп жатат”, - деп белгиледи журналист.