Кыргызстан Монголияга жашылча-жемиш экспортун көбөйтүүнү көздөйт

Коом 14 октябрь 2026 17:05
Кыргызстан Монголияга жашылча-жемиш экспортун көбөйтүүнү көздөйт
copyright icon WWW

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстан Монголияга жашылча-жемиш экспортун кеңейтүүнү көздөйт. Бул тууралуу бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушуусунда айтылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, тараптар кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын Монголияга чыгаруу, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү жана өз ара сооданы көбөйтүү маселелерин карашты. Ошондой эле ветеринардык-санитардык талаптарды эске алуу менен мал чарба продукцияларынын соодасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба продукцияларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.