Көчмөндөр оюндарына даярдык: Ысык-Көлдө энергетикалык жабдуулар жаңыланууда

Аймак 731 24 Апрель 2026 09:30
679455080_950889194202723_413109659955131689_n.jpg
677802716_950889294202713_6796550900070117336_n.jpg
677852146_950889374202705_5934099072644520226_n.jpg
678141749_950889210869388_7385830501357473549_n.jpg
678244178_950889184202724_8773152116414685420_n.jpg
678313289_950889267536049_7136121667195100644_n.jpg
679513512_950889290869380_4290376308695315015_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында Ысык-Көл облусунда энергетикалык объекттерди жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Григорьевка айылында узундугу 17,7 чакырым болгон 10 кВ жаңы электр берүү чубалгысы заманбап СИП зымдары менен курулууда. Мында 200гө жакын темир-бетон мамылары орнотулду.

Ошондой эле узундугу 16 чакырым болгон эски чубалгылар жаңыланып, жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылууда.

Мындан тышкары, "Григорьевка" көмөк чордонуна эки заманбап элегаздык өчүргүч орнотулат. Бул жабдуулар кыска туташуу учурунда автоматтык түрдө коргоону камсыз кылып, системанын коопсуздугун жогорулатат.

"Бардык жумуштар июнь-июль айларында толугу менен бүткөрүлүп, Көчмөндөр оюндарынын объекттерин туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.