Көчмөндөр оюндарына 200 миңге жакын турист келет

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 18:15
Көчмөндөр оюндарына 200 миңге жакын турист келет
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк рекорддорду жаңыртып жатат. Ага 109дан ашуун өлкө катышып, 3 миңден ашык спортчу келди. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай сандагы катышуу буга чейин болгон эмес.

“Оюндардын алкагында алты күндүн ичинде беш локацияда спорттук жана маданий иш-чаралар өтөт. Бул күндөрдүн ичинде беш локацияда өтө турган көчмөндөр оюндарына 200 миңге жакын турист келет деп күтүп жатабыз”,- деп белгиледи ал.