Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Шакиранын ”Бишкек Аренада“ өтө турган концерти чет элдик туристтердин чыгымдарынын эсебинен Кыргызстандын экономикасына болжол менен 30 млн доллар киреше алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, концертке 60 миңдей адам келери күтүлүүдө. Алардын 30 миңге жакыны чет өлкөлүк коноктор болмокчу. Алдын ала эсеп боюнча, ар бир чет элдик турист билетке, мейманканага, транспортко жана башка чыгымдарга орточо 940 доллар коротушу мүмкүн.
Кубатов ”Бишкек Арена” спорттук мелдештерден тышкары эл аралык концерттерди, маданий жана этномаданий фестивалдарды өткөрүүчү жайга айлана аларын белгиледи.
Анын баамында, аренада жылына 15–20 ири иш-чара өткөрүлсө, объект 5–7 жыл ичинде өзүн актай алат.