Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Кыргызстанга кирешеси жогору туристтерди тартуу үчүн жогорку деңгээлдеги мейманканалардын санын көбөйтүп, беш жылдыздуу 100дөн ашык мейманкана куруу зарыл. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигинин подкастында билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкө боюнча төрт жана беш жылдыздуу мейманканалардын жалпы саны 12ни гана түзөт.
"Инфраструктура жана шарттар түзүлмөйүнчө, бизге бай туристтер келбейт. Азырынча бюджеттик туристтер гана келет. Бизде беш жылдыздуу 100дөн ашык мейманкана болушу керек", - деди Кубатов.
Ал инвесторлорду тартуу үчүн салыктык жана бажылык жеңилдиктерди караштыруу зарылдыгын белгиледи. Агенттиктин жетекчисинин маалыматына караганда, учурда өлкөдө жаңы мейманканаларды куруу боюнча 20га жакын долбоор иштелип чыгып, ишке ашырылууда.