Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктады.
Ал Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде "Кабар" агенттигинин кабарчысына берген комментарийинде өлкөгө тынчтык, биримдик, бакубатчылык жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
"Бардык кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен куттуктайм! Өлкөбүзгө тынчтык, биримдик, гүлдөп-өнүгүү жана жаңы бийиктиктерди каалайм", — деди Эдуард Кубатов.