Көчмөндөр оюндарын дүйнөгө таанытууда журналисттердин салымы чоң – Максүтов

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 16:30
Көчмөндөр оюндарын дүйнөгө таанытууда журналисттердин салымы чоң – Максүтов

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөгө таанытууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин салымы чоң. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов билдирди.

“Мындай чоң дүйнөлүк иш-чараларда журналисттерсиз дүйнөгө маалыматтарды жайылтуу кыйын. Ошондуктан дүйнөнүн ар тарабынан көптөгөн журналисттер чакырылды. Алардын баары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кеңири чагылдырууга өз салымын кошууда. Журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын салымы жылдан-жылга жогорулап жатат. Азыр сиздердин маалымат менен бир киши айтып турган нерсени миңдеген, миллиондогон адамдар угуп, талкуулап, маалымат алып турушат.
Анын үстүнө мындай чоң иш-чараларды өткөрүүдөгү эң башкы максат — мамлекетти дүйнөгө таанытуу. Бул туризм тармагы, экономика, маданият, спорт сыяктуу көптөгөн багыттарды камтыйт. Азыр интернеттин күчөп турган заманында маалымат күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын жетип турушу керек. Ошондуктан бардык массалык маалымат каражаттарына ыраазычылык билдирем.
Жакшы, позитивдүү жактарыбызды көрсөтүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда өлкөбүз менен сыймыктанган маанайда, ынтымакта бир үй-бүлөдөй болуп иш алып барсак жакшы болот, — деп кошумчалады Алтынбек Максүтов.