Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында негизги багыттардагы жол кыймылы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөлүндө.
Башкармалыктын маалыматына караганда, учурда Бает айылындагы, ”Чайка Резорт” пансионатынын жана ”Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин аймагындагы, ошондой эле Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосундагы унаа токтотуучу жайларга каттаган маршруттар белгиленген графикке ылайык иштеп жатат.
“Жол кыймылы штаттык режимде көзөлдөнүп, көрсөтүлгөн багыттарда тыгындар жана кыймылга олуттуу тоскоолдуктар катталган жок”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.