Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Бул тууралуу ирандык телерадио кабарчысы Амир Хушанг Данаи “Кабар” агенттигине билдирди.
Ал Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн Кыргызстанга келгенин айтты. Ирандык журналист 2018-жылы да оюндардын иш-чараларына күбө болгонун белгилейт.
“Мен Кыргызстанга Көчмөндөр оюндарын чагылдырганы келдим. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Мыкты программа түзүлүптүр. 2018-жылы да ушул оюндарга келгем.
Спортчулар Кыргызстанга ыраазычылык билдиришип, уюштуруу иштери сонун болгонун жана Кыргызстан абдан жакканын айтышты”, - деди ал.
Амир Хушанг Данаинин маалыматы боюнча, Ирандан Көчмөндөр оюндарына 130 спортчу келген. Алар спорттун 27 түрү боюнча катышып жатышат.
“Учурда алар 2 алтын, 4 күмүш жана 5 коло медаль утуп алышты”, - деп белгилейт ирандык журналист.